Биатлончулардын эл аралык кеңеши (IBU) Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттигинен Орусиянын 31 спортчусунун фамилиясы жазылган кат алды. Катта тизмедеги спортчулардын допинг колдонгону жазылган.
Орусиялык басылмалар кабарлашкандай, белгиленген спортчулардын айрымдары карьерасын бүтүргөн. Айрымдары спорттон четтетилген. Ошондой эле бүгүнкү күндө эл аралык мелдештерге катышып жаткандары да бар. Айрым спортчулардын январь айында орун ала турган Дүйнө Кубогуна катышуусу күмөн болуп калганы айтылууда.
Кошумчалай кетсек, өткөн аптада аталган агенттиктин көз карандысыз комиссиясынын башчысы Ричард Макларен баяндама окуп, Орусиянын спорт тармагына токтолгон. Анын маалыматында "Сочи-2014" Кышкы Олимпиадасында 4 алтын медалды камсыздаган орусиялык спортчулардын допинг колдонгону аныкталган.