Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча "Хан Кошой" мелдеши старт алды. Спорт Ордосунда өтүп жаткан мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан тандалган 200дөн ашык балбан катышууда.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, анда 7 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталмакчы: 55 килограмм салмакта, 60 кг, 66 кг, 74 кг, 84 кг, 96 кг жана 96 килограммдан жогорку салмакта.
Жеңүүчүлөр медаль менен катар "Хан Кошой" наамына ээ болушмакчы.