ЖЫЛНААМА, 16-ДЕКАБРЬ: Италиянын "Милан" футболдук клубунун негизделгенине 117 жыл болду

Италиянын "Милан" футболдук клубу 1899-жылы 16-декабрда британиялык Альфред Эдвардс тарабынан негизделип, Милан шаарынын урматына "Милан" деп аталып калган.

Клубдун эң алгачкы машыктыруучусу Герберт Килпин болгон. Дал ошол Герберт Килпин клубдун кийимин жана анын түстөрүн ойлоп тапкан. Клубдун оюнчулары кызыл-кара түстө кийинишет. Кызыл түс шайтанды (команданын колдоочусу) түшүндүрсө, кара түс анын атаандаштарына болгон коркунучту билдирет.

1900-жылы 11-мартта "Милан" өзүнүн алгачкы расмий эмес оюнун өткөрүп, "Медиоланума" деген клубдун оюнчулары менен беттешкен. Жыйынтыгында "Милан" 3:0 эсеби менен атаандашын жеңип алган. Бул жеңиш клубдун оюнчуларын шыктандырып, Италиянын Футбол федерациясына киришкен.

Футболдук клуб Италиянын чемпиондугунда 18 жолу, ал эми УЕФАнын Чемпиндор Лигасында 7 жолу жеңишке жеткен.

16-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан