Орусияда кыргыз жараны акча алмаштыруучу жайдан 24 миллион рубль акчасын уурдатып жиберди

Орусияда кыргыз жараны акча алмаштыруучу жайдан 24 миллион рубль акчасын уурдатып жиберди. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда орусиялык маалымат агенттиктери жазышты.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы Д.Б. 24 миллион рубль акчасын долларга алмаштыруу үчүн Бахрушин көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайга келген. Ал жакта кассир акчаны саноо үчүн алып, ошол боюнча качып кеткен. Жабырлануучу ал жакка барардан мурун кассирге телефон чалып, ири суммада акча алмаштырарын айткан.

30 жаштагы Д.Б. Москва шаарынын түштүк-чыгышындагы базарда мөмө-жемиш сатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
ikitaidesu
2016-12-16 13:14:37
Ошончо акчасы бар экен аз аздан алып тушуп алмаштырса деле болмок. Баарын бир алмаштырам деп проблема болтурбай.
+5
nazgulum
2016-12-16 13:40:50
озу аман ээсен эле бекен эми довлениеси которулбой элеби акча жоготуш оной эмес 24 милион 30 жашында кыйын кыз экен акча колдун кири дейтко адал меенет менен тапкан болсо албетте табылат
+5
alhamdulillah
2016-12-16 13:52:11
Жаман болуптур 6мин сом жоготуп 6ай кыйналгамын.
+5
radroy
2016-12-16 14:48:13
Ал дагы кредитке алган акча болсо керек абаротдогу..
+7
Asyl10
2016-12-16 16:45:06
Кассир озу алып качып кеткен болсо,табылат да, телефон номери бар экен,дареги такталат. Даа 30 жашта 24 миллиону бар экен. Момо-жемиш сатып эле кантип 24 миллион чогултту экен? 500 доллар жоготуп 1 ай издегем жаман болуп.Таппай эле койуп башы-козумо садага деп кала брегем ичим ачышып. Кийин билдим,машинадан тушконумдо капчыгым жерге тушуп калган экен женем алып коюптур,алтын трость тагып алды мойнуна. Унчуккан жокмун,баары бир мойнуна алмак эмес да.
+7
semo
2016-12-16 17:05:59
Бироонүн меенетин жеген арам
+1
elmurat.kg
2016-12-16 17:19:50
биометрикалык каттоосу барго э.табылат кыжалат болбогула.табылганда да баарын бербейтта туурабы орто жолдо тапкандарда алышат.же жанагы ууру м .н суйлошушот да ушунчасын берип айтпайбыз деп.кыргыз байкуш журоберет эхх
+2
GGggUUuuLLll
2016-12-16 17:49:20
Эээх Кай жерде болсо жабыркаган кыргыз
+2
isabek1977
2016-12-16 18:32:59
Соода кылса бешене тери менен тапкан акчасы болсо керек.Ылайым табылып калса экен.Долларга алмаштырып товар алайын деген го.
+1
isabek1977
2016-12-16 18:36:48
Орус менен дос болсон ,балтанды ала жур деп элибиз бекер айтпайт.Этияттасан болмок.Жанына шерик алып албапсын жок дегенде кассир алгандыгына кубо болот эле.
+3
Kroxa
2016-12-16 19:40:39
Банкта алмаштырса болмок мошенниктерге барбай обменкаларда ойдо айткан менен бир ноосу созсуз болот..
+1
Mirzohidjon
2016-12-16 19:43:29
Мумкун чогуу иштеген шериктештеринин ортодогу акчасыдыр
+1
Umarbalapanym
2016-12-16 23:59:48
Дааа,анча акча жалгыз озунуку эместир байкуш башка бироолорлукун кошуп алган болсо, олду да карызга батып,кааап бир эркек кишини шерик кылып алса болмок экен.Сактыкта кордук жок. Бирок насип кылбаган болсо буюрбаса жугурсон да жетпейсин,а буйруп койгон болсо качып кутула албайсын.
0
Djal1987
2016-12-17 04:34:39
Полиция деле шилекейин кулк этип жутуп алса керек заява тушкондо.
+1
Emir90
2016-12-19 23:12:37
Жаман эле болуптур биз Кызыл кыяда 800мин 1 млн алмаштырганы барганда банк эшигин ичкериден Култтап турушат эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан