Учурда Японияда футбол боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Мелдешке 6 континентте жеңүүчү аталган 6 команда жана Япониянын чемпиону "Касима Антлерс" клубу катышууда.
Мелдештин расмий сайтында маалымдалгандай, Европадан акыркы сезондо Чемпиондор Лигасын уткан мадриддик "Реал" катышууда. "Реал" 15-декабрда алгачкы беттешин өткөрүп, Мексиканын "Америка" командасын утуп, финалга жолдомо алды. Беттеште Карим Бензема 45-мүнөттө эсепти ачса, оюн аягында Криштиану Роналду экинчи голду киргизди.
Финалда "Реалдын" атаандашы япониялык "Касима Антлерс" клубу болмокчу. Бул команда жарым финалда колумбиялык "Атлетико Насьональ" клубун 3:0 эсебинде уткан. Финалдык беттеш 18-декабрда Бишкек сааты боюнча 16:30да орун алат.
Мелдешти өткөн жылы каталондук "Барселона" клубу уткан.