Оштогу аэропортто тажик жараны жасалма паспорт менен кармалды

Оштогу аэропортто тажик жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-декабрь күнү "Ош" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү жайында Ош-Москва каттамы боюнча №968-рейсти текшерүү учурунда 1980-жылы туулган М.С. аттуу тажик жараны кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын жаранына тиешелүү жасалма паспортту көрсөткөн. Паспортто атайын коргоочу белгилери жана Кыргыз Республикасынын герби жок экени аныкталган. Айтымында, ал Орусиядан Тажикстанга депортация болгон, бирок ал кайра Орусияга баруу үчүн ушундай жолго барган.

Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KGstan1981
2016-12-16 11:51:48
Кечиресиздер созум каттуу тийсе бирок Кыргызстан давно эле проходной двор болуп калган окшойт.Болгону ГРС кызматкерлерине Бенджамен Франклендин жашыл тустогу суротун корсотсон эле болду даже паспорт эмес Атактуу жаран деп тош белгини дагын беришет деп ойлойм.Бул корунуш биринчи жолу эмес Эмне у-н Сарпашев ГРСти тартипке салбайт.Эмне у-н ГКНБ паспорту саткан ГРСтин кызматкерлерин колго албайт.Ал эми И.Омуркуловтун журт атасы коррупцияны женем деп тим эле болбой мактанды эле кана женгени.
+10
BekAmir
2016-12-16 12:02:47
KGstan1981,эн туура айттын
+1
Mirzohidjon
2016-12-17 04:19:28
KGstan1981, ГРСтин кызматкерлеринин куноосу коп бирок паспортто корголуучу белгилер жок болсо анда аны ГРСтен сырткары жерде жасалган
0
baltabaev
2016-12-16 13:05:17
Вататат
-1
baltabaev
2016-12-16 13:06:07
Мындай окуя Россия шаарында конумуш адат
+2
anar8672
2016-12-16 13:44:46
-2
kgalik
2016-12-17 22:11:10
бул жерде паспорт менен кармалганы чатак болуптур
0
kgalik
2016-12-17 22:15:11
бирок Кыргызстандан каттаганы жакшы, себеби Ош шаарындагы канчалаган таксист ошол адамдар менен жанбагат, дагы Кыргызстан га 15 $таштап кетет, дагы Кыргызстан дан каттаган коп болсо жолкире арзан болот достор! !!!!Сарпашга ишенбейм ал кыргыз эмесго! !!
0
Nazaralikarakulja
2016-12-18 13:51:55
Ээми тажибай бактылуу бол дегендей болуптурда жазасын алсын Россия да жасалма Докмент менен ото коп кармалышат озбек тажиктер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан