Ошто мечиттерде даарат алганы кирип кеткен адамдардын сыртка илип койгон күрмөлөрүнөн телефон уурдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош ШИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн 44 жаштагы Д.Н. аттуу тургуну кармалган. Ал Ош шаарынын аймагындагы 2 мечиттен жарандар дааратканага кирип кеткенде сыртка чечип койгон күрмөлөрүнөн телефондорун алып, из жашырып кетчү. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын мурда дагы уурулук жасагандыгы үчүн соттолуп чыккандыгы аныкталды.