Белгилүү украиналык ырчы, актриса жана алып баруучу Анна Седокова 1982-жылы Киев шаарында төрөлгөн. Мектепти алтын медаль менен аяктап, ошол эле учурда музыкалык мектепти дагы бүтүргөн. Ырчы алгачкы жолу сахнага "Світанок" элдик ансамблинин катышуучусу катары чыккан.
Анна Седокова 16 жашынан баштап модель, түнкү клубдагы кечелердин алып баруучусу жана режиссёр-коюучусу болуп иштеп, кошумча акча тапкан. Киевдеги Маданият жана искусство улуттук университетине тапшырып, телевидение жана радионун диктору кесибине ээ болгон.
"О-TV" каналында алып баруучу болуп иштеп, элге таанылган. Андан соң Константин Меладзенин "ВИА Гра" тобуна кастинг аркылуу 200 кыздын арасынан тандалып алынып, ырчы катары чыныгы атак-даңкка жеткен. Бул топто ал көпкө чейин ырдаган эмес, көп өтпөй телевидениеге кайтып келип, "Новый каналда" Максим Нелипа менен "Подъём" телеберүүсүн алып барган.
2002-жылы А.Седокова кайрадан "ВИА Гра" тобунун курамына кирип, аталган топ менен бирге "Стоп-стоп-стоп", "Убей мою подругу", "Притяженья больше нет", "Не оставляй меня, любимый" аттуу белгилүү ырларды жаздырган. Атактуулуктун туу чокусунда турганда ырчы белгилүү спортчу Валентин Белькевич менен сүйүү мамилесин баштап, "ВИА Градан" кайра кетет. Экөө Алина аттуу кыздуу болушуп, бирок көп өтпөй ажырашып кеткен. Айтылуу топтон кеткен соң Седокова жеке ырчы катары чыгармачылык менен алектенип, 2007-жылы "Новые песни о главном" программасынын алып баруучусу болгон. 2011-жылы ырчы Максим Чернявский аттуу ишкерге турмушка чыгып, Моника деген кыздуу болушкан. Ырчынын бул никеси дагы ийгиликсиз болуп, ажырашуу менен аяктаган. Анна Седокова ошондой эле "Две звезды", "Ледниковый период 2" программаларына катышып, "Седьмая раса", "Проект подиум", "Телезвезда - суперзвезда", "Король ринга" деген бир нече телеберүүлөрдү алып барган. Ырчы "Беременный" кинокомедиясына жана "Сила притяжения" сериалына тартылып, өзүн актриса катары дагы сынап көргөн.
16-декабрга карата жылнаама.