Кара-Буура районунда үй ээсин жана анын жаш баласын бычак менен коркутуп уюлдук телефонун алып кеткен жаран кармалды

Кара-Буура районунда үй ээсин жана анын жаш баласын бычак менен коркутуп уюлдук телефонун алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 5-декабрь күнү саат 17:00 чамасында аталган райондун Бейшеке айылында болгон. Анда жергиликтүү тургундун үйүнө белгисиз адам кирип келип, бычак менен коркутуп акча талап кылган. Кийин уюлдук телефонун алып, бетине газ чачып, из жашырып кеткен. Ошол учурда тургундун жанында 8 жаштагы баласы да болгон. Анын да бетине газ чачкан.

"Бул факт боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү изи сууй электе кармалган. Ал 32 жаштагы А.И. аттуу Бишкек шаарынын тургуну болуп чыккан. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
semo
2016-12-16 17:03:53
Камаш керек он жылга
+1
Kok-zhal
2016-12-16 20:53:22
Мындай арамдарды ташбаранга алыш керек, кийинки арамдарга сабак болот..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан