
2014-жылы 16-декабрда Түштүк Судандагы куралдуу кагылышууда болжол менен 400-500 киши каза таап, 20 миңдей киши шаар сыртына качып чыгып, БУУнун көзөмөлүндөгү аймакта баш калкалоого аргасыз болгон.
Түштүк Судандын президенти Салва Киирге каршы аскердик төңкөрүш аракети жасалганы тууралуу кабар тарап, бир нече күн жаңжал басылган эмес. Президент Салва Киирдин айтымында, мурдагы вице-президент Риек Мачарды жактаган аскерлердин тобу бийликти күч менен алууга аракет кылышып, бирок жеңилип калышкан. Ал баш калаада кеч киргенден таң аткыча коменданттык режимди киргизген.
16-декабрга карата жылнаама.