Жолдошбек Көлбаев Улуттук дзюдо федерациясынын президенти болуп шайланды

Бүгүн, 17-декабрда Бишкекте Улуттук дзюдо федерациясынын жыл жыйынтыгын чыгарган иш-чарасы орун алды. Бул күнү федерация акыркы 3 жылда аткарылган иштер боюнча отчёт берди. Ошондой эле федерациянын жаңы президентин шайлоо жана жыл мыктыларын сыйлоо пландалган.

Федерацияны буга чейин жетектеп келген Ырысбек Мааткабылов кызмат ордун бошотуп берди. Ал акыркы 3 жылдагы эң негизги максаттардын башында "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында медаль алуу болгонун белгиледи. "Биз бул максатыбызга жете алган жокпуз. Алдыда аткарыла турган көп жумуш бар", - деди ал.

Президенттик кызматка шайлана турган бир гана кандидат болду: ал Көлбаев Жолдошбек Асанбекович. Федерациянын мүчөлөрү добуш берүүдө анын талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tulpar90
2016-12-17 13:13:45
Камчынын иниси эмеспи?
+3
Rasul1987
2016-12-17 13:32:53
Камчынын бир тууганы экен. Спортту жалаң кылмыш дүйнөсү ээлеп алганбы?
+6
tulpar90
2016-12-17 15:40:47
Rasul1987,спортту эле эмес бийликти кошуп.
+3
suiutbekov1989
2016-12-17 16:17:15
Камчы Колбаевке окшоп туратка
+2
GGggUUuuLLll
2016-12-18 22:40:40
Колбаевдин бир тууганы болсо эле ал да кылмышкер эмес да... ар ким оз жолу менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан