Бүгүн, 17-декабрда саат 05:25те Кыргыз Республикасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн күчү очогунда 4,2 баллга жетти. Жер титирөөнүн очогу Бишкектен 263 чакырым түштүк-батышты, Жалал-Абаддан 13 чакырым батышты карай жайгашкан. Табигый кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.