Кечээ, 18-декабрда Японияда футбол боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу аяктады. 6 континентте жеңүүчү аталган 6 команда жана Япониянын чемпиону "Касима Антлерс" клубу катышкан мелдештин финалында мадриддик "Реал" жеңишке жетишти.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, финалдык беттеш "Реал" менен "Касима Антлерс" клубунун ортосунда өтүп, 4:2 эсебинде аяктады. Беттештин негизги убактысы 2:2 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. Жеңиш голдорун Криштиану Роналду кошумча убакытта киргизди.
"Реал" (Испания) - "Касима Антлерс" (Япония) - 4:2
Голдор: Карим Бензема (9-мүнөттө), Криштиану Роналду (60-мүнөттө, 98-мүнөттө, 104-мүнөттө) - Гаку Сибасаки (45-мүнөттө, 52-мүнөттө).