18-декабрда Америкада "Дүйнө сулуусу-2016" сынагынын финалдык баскычы орун алды. Сынакта Пуэрто-Рико өлкөсүнүн өкүлү Стефани Дель Валле жеңүүчү аталды. Ал 19 жашта.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, алдынкы бештикке Дель Валледен тышкары Кения, Индонезия, Доминика Республикасы жана Филиппиндин өкүлдөрү киришти.
Сынакка Кыргыз мамлекетинин атынан Перизат Расулбек кызы катышты. Ал "Топ-20га" кирген жок жана финалга катышкан жок.