Бокс боюнча экс-чемпион Костя Цзюнун уулу профессионалдык рингде алгачкы беттешинде жеңишке жетишти

Бокс боюнча бир кездеги Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, орусиялык мушкер Костя Цзюнун уулу Тимофей Цзю профессионалдык рингде дебют жасады. 21 жаштагы мушкердин атаандашы австралиялык Зорран Кэсседи болду.

Орусиялык басылмалар кабарлагандай, 6 раунддан турган беттеште орусиялык мушкер эсеп айырмачылыгында жеңишке жетишти. 3 калыс тең жеңишти Тимофейге ыйгарышты (60:54).

Кошумчалай кетсек, Костя Цзю карьерасын 2005-жылы жыйынтыктаган. Ал профессионалдык рингде 34 беттеш өткөрүп, 31 ирет жеңишке жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tulpar90
2016-12-19 12:16:27
Поветкин позор болду.
0
Mirzohidjon
2016-12-19 13:25:39
Биздин Даймонд Цзю Индияда мелдеште. Ири эсепте утулбаса болду. Алардан да 2млрд $ карыз болуп калбасак болду
0
ZHYRGAl1412
2016-12-19 15:01:15
Mirzohidjon,индия озуно жеткиралбайтат каякта карыз берет эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан