Жеймс Кэмерон “Титаник” тууралуу алгачкы жолу 1987-жылы даректүү тасма аркылуу билген да, аны дароо бул жөнүндө кино тартуу идеясы ээлеп алган. 1994-жылга чейин Кэмерон 167 беттен турган сценарий жазып, аны “20th Century Fox” кинокомпаниясына сунуштаган. Компаниянын өкүлдөрү ойлонбостон режиссёрго 3 миллион доллар бөлүп берүүнү чечкен. Өзүнүн тасмасынын негизги каарманы менен жакындан таанышуу максатында Кэмерон 1995-жылы орусиялык илимий-изилдөөчү команда менен бирге океан түбүнө 12 жолу чумкуган. Ошондо эле фильмдин алгачкы эпизоддору тартыла баштаган. Суу алдында камералар 15 мүнөт гана иштечү, андыктан чыныгы “Титаникти” тартууга эле 2 айдан ашык убакыт кеткен. Ал эми тасмага бул материалдардын 12 мүнөтү гана керектелген. “Көрүүчүлөр кинотеатрга кеменин урашын көрүү үчүн келет” деп ишенген режиссёр бул көрүнүшкө басым жасап, атайын эффекттерди даярдоого 17 студияны ишке киргизген. Тасма 1996-жылдын 16-сентябрында тартыла баштаган. Баштала элек жатып түрдүү даярдыктарга 110 миллион доллар сарпталганы эсептерден билинген. 7 айдын ичинде тартылып бүткөн тасманын жалпы бюджети 200 миллион долларга чыгып кеткендигине байланыштуу акчасы жетпей бараткан “20th Century Fox” компаниясы өзүнүн атаандашы “Paramount Pictures” компаниясынан кошумча каражат алууга мажбур болгон. Кинокомпаниянын жетекчилери тасманын дээрлик 3 сааттан ашык созуларын көргөн соң аны кыскартып, бир аз да болсо акча үнөмдөөнү сунушташкан. Кэмерон алардын сөзүнө көнгөн эмес. Тасманын бизге жеткен акыркы варианты 194 мүнөт.
Бул тарыхый драманын 135 номинацияда аты аталып, анын ичинен 87 номинация боюнча сыйлыкка татыктуу деп табылган. Сыйлыктардын эң баалуулары болуп “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты режиссёр”, “Эң мыкты оператор”, “Эң мыкты кийим дизайны”, “Эң мыкты монтаж” жана башка наамдары менен кошо берилген 1998-жылдын 11 "Оскары" эсептелет.
19-декабрга карата жылнаама.