"Тумар" бийчилер тобу Америкада өтө турган сынакка катышуу үчүн демөөрчү издейт

Словакиянын борбор калаасы Братиславада 27-28-ноябрь күндөрү өткөн "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" Эл аралык сынагынын финалында Кыргыз өлкөсүнөн барган "Тумар" бийчилер тобу 3-орунга ээ болгон эле. Эми аталган топ Америкада өтө турган сынактын тандоо туруна чакыруу алды. Учурда топ демөөрчү издөө менен алек. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда өткөн маалымат жыйында аталган топтун өкүлдөрү билдиришти.

"Чехия жана Словакия таланттарды издейт" сынагында биринчи орунду алабыз деген ишеним күчтүү болчу. Уюштуруучулар "Буга чейин башка өлкөдөн келген катышуучулар биринчи орун эмес, финалга да өтө алышкан эмес. Силердин 3-орунду алганыңар биринчи орунду алганга барабар" деп баа беришти.

Жакында эле "Америка таланттарды издейт" сынагына чакыруу алдык. Учурда демөөрчү издеп жатабыз. Буга чейин да чакыруулар болуп, бирок каржы маселесинен улам бара алган эмеспиз. Братислава шаарындагы финалга да барууга акчабыз жок болчу. Демөөрчү чыкпай, уюштуруучуларга бара албай турганыбызды жазсак, эки жумадан кийин "Силердин бийиңерди бүт дүйнө көрүшү керек. Биз силерге Словакиядан демөөрчү таптык, келгиле" деп кат жолдошту. Бир топ кыйынчылыктарга карабай барып, күчтүү катышуучулардын арасынан 3-орунду алып келдик", - деп билдирди аталган топтун мүчөсү жана жетекчиси Эрмек Кадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ali-han
2016-12-19 12:49:28
Байкуштар жаман кыйналдынар го кайра кайра демоорчу издеп
+1
ekaterinburg
2016-12-19 13:03:40
Авто "крутой"номер сатып алгандар ушуларга демоорчу болушпайбы десен...
+1
A3A
2016-12-19 13:17:43
Булар акча утyп жатышабы же жон эле акча коротyп жуpушобу?
+3
nurbek11
2016-12-19 14:50:17
Акча коротсо да биздин мамлекеттин атынан чыгып жатышат. Азаматсынар ишинерге ийгилик. Демоорчу да табылып калаар.
+1
kamchatka
2016-12-19 19:01:41
Канча акча керек озу мен берип турайын уйдогу кара корозду сатып берем.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан