Кыргыздын чыгаан уулу, таланттуу ырчы жана обончу Чубак Сатаевге эстелик тургузулат. Бул эстелик жакынкы аралыкта бүткөрүлүп, обончунун кичи мекени болгон Талас облусунун Боо-Терек айылына коюлат. Бул тууралуу анын уулу Кубаныч Сатаев билдирди.
Өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин достошкон аккордеонун кармаган Ч.Сатаевдин эстелигинин бийиктиги 2 метрден ашат.
Кошумчалай кетсек, ырчы артында “Арман, ай”, “Кайгырбачы, кан досум” “Кең дүйнө”, “Ак бата” сыяктуу өлбөс эмгектерди калтырган. 33 жашында 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен ырчы, обончу 1993-жылы дүйнө салган. Дарыгерлер анын өлүмү мээсине кан куюлганынан улам келип чыкканын айтышкан.