Ырчы Нэна Чехияда өткөн "Diаmond voice-2016" сынагында 2-орунду ээледи

Чехиянын Прага шаарында өткөн "Diаmond voice-2016" Эл аралык сынагында ырчы Нэна 2-орунду багындырып, диплом, атайын баалуу белектер менен сыйланган. Ырчы бул сынакка 4 жылдан бери чакыруу келип жатканын, үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу катыша албай келгенин, бул жылы ийгилик жылмайганын бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйынында билдирди.

"Сынакка Орусия, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан, Италия сыяктуу 12 өлкөдөн 15 талант катышты. Мен 2-орунду алдым. Кыргызча "Мен сенден сүйүү күтөм", англисче Уитни Хьюстондун "I wanna dance with somebody" жана белгилүү "Нарындан жазган салам кат" чыгармаларын аткардым. Абдан мыкты номер көрсөттүм деп айта албайм, себеби 90 пайыз убактымды, энергиямды каржы издөөгө короттум.

Бизде эле эмес, мына ушундай эл аралык чоң сынактарда да коррупция күчтүү экени байкалат экен. Ар бир мамлекет биринчи орунду алсын деп өз ырчысына жан тартып жатты. Калыстар тобунда кайсы өлкөнүн жараны отурса, ошол өлкөнүн катышуучусу жогорку упай алып, финалга өтүп кетти. Ырчылар арасында нааразычылыктар болгон соң уюштуруучулар мындай жарабайт деп, Армения жана Кыргыз Республикасын финалга чыгарышты. Ошол учурда өлкөңдүн колдоосуна аябай муктаж болосуң. Анан да биздин өлкөгө байланыштуу жалаң жаман окуяларды айтып жатышты. Ошондуктан интернет ааламына жалаң жакшы жаңылыктарды жазалычы деп суранат элем. Мекенибизди негатив менен эмес, жакшы жаңылыктар аркылуу гана тааныса деген тилек", - деди ырчы Нэна.

Ырчы сынакта түрдүү саясий оюндарга карабай баары бир адилеттүүлүк жеңип, Грузия 1-орунду, өзү 2-орунду алганын, Кыргыз өлкөсүнөн да бир калыс болуп, өлкө колдоого алса, 1-орунду алууга мүмкүн болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, ушул эле маалымат жыйынында "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" Эл аралык сынагында 3-орунга ээ болгон "Тумар" бийчилер тобу Америкада өтө турган сынакка катышуу үчүн демөөрчү издеп жатканын билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Alina1984
2016-12-19 13:39:14
Биздин айылдын ырчы сыймыктанган кызыбыз
0
ekaterinburg
2016-12-19 14:04:27
Дайым алдынкы орундарды алат,молодец.Дагы коп жеништерге жетиш!
+2
bulbulboy
2016-12-19 14:11:48
Грамотасы печать жок жараксыз деп эсептелет, андыктан мындай грамотаны уйунон эле озун деле жасап алсан болот. ручка менен НЕНЕ деп,Чехияда андай онуккон олкодо ручка менен жазбайт. и тем более 100 сомдук рамка Кыргызстанда эле сатылып жатат. Нена элди алдап, мактанбай эле койсо болмок.
-3
Isken.der
2016-12-19 14:31:32
bulbulboy, эмне алтындан рамка кылыш керек беле
0
admin_portal
2016-12-19 14:44:56
Sakuli, курамы окшош сайттарды жарнамалоочу билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган.
-1
Mekush87
2016-12-19 15:26:49
Уну жакшы,анча мынча ырчыларга караганда жакшы ырдайт.Азаматсын Нена,ийгилик сага!
+1
kamchatka
2016-12-19 15:32:29
Текшериш керек видeо отчет керек!
0
kamchatka
2016-12-19 15:33:41
Жанета эжесиникиндеейго диплому!
0
kamchatka
2016-12-19 18:48:57
Ошол диплом тапшырып жаткандагы видеосун жуктоп койсунчу Нана.
0
Sajakat14
2016-12-19 19:22:44
Кыргызда таланттар көп! Колдоочулар жок байкуштар өздөрү эле аракет кылып мамлекетибиздин атын чыгарып жүрүшөт!
+1
Sajakat14
2016-12-19 19:23:01
Чооооооооооооң рахмат Нена!!!
0
Gsuita
2016-12-20 23:30:03
Азаматсың!!! Кыргыздар жакшы сөз айтыштын ордуна кайдагы бир болбогон сандырак кептерди токтотсоңор. Таланттарыбызды башка элдер баалап жатса сыймыктаналы,мактаналы,дем күч берели.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан