Волейбол боюнча улуттук курам Бангладеште өтө турган Азия чемпиондугуна катышат

20-28-декабрь аралыгында Дакка шаарында (Бангладеш) волейбол боюнча Азия чемпиондугу орун алат. Мелдешке "Борбордук зона" чөлкөмүнө кирген 9 команда катышат. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдешке катыша турган Кыргыз мамлекетинин улуттук курамасына 10 оюнчу кирди. Андрей Анкудинов баштаган курам мелдеш өтчү өлкөгө жөнөп кетти. Курамдын атаандаштары 20-декабрда таштала турган чүчү кулакта билинет.

Улуттук курам буга чейин "Борбордук зона" чөлкөмүнө кирген командалар арасында 5-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Topchu83
2016-12-20 01:32:46
ктрк спорт корсотор бекен, ушундай оюндарды коргозсо жакшы болор эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан