Коомчулукта "адам өзүн коргоо үчүн түрдүү "бет каптарды" кийип жүрөт" деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Америкалык фотограф Эндрю Уокер Голливуд жылдыздарынын чыныгы жүзүн көрсөткөн атайын долбоор иштеп чыккан. Ага ылайык, актёр-актрисалар сүрөтчүгө эл алдындагы образын жана өздөрүнүн "бет кабы" жок, нукура мүнөзүн, чыныгы жүзүн көрсөтүп берүүлөрү керек болгон. Анын идеясын жүздөгөн жылдыздар колдоого алып, сүрөткө түшүүгө макул болушкан.
"Мага жылдыздар менен иштешүү кызык болду. Себеби алардын публика алдындагы образынан башка да коомчулукка көрсөткүсү келбеген ички дүйнөсү бар", - деп билдирген Уокер.
Анын айтымында, актриса Энн Хэтэуэй чоң энтузиазмды көрсөтүп, берилип тартылса, Ричард Гир күйөрмандары ойлогондой ачык, эл менен бат тил табышкан киши эместигин көрсөткүсү келген. Ал эми Сигурни Уивер кадрга түшүүдөн качса, кээ бир жылдыздардын көрүүчүгө эмнени айткысы келгени түшүнүксүз болгонун айткан фотограф. Ал эми Жонни Депптин кызы Лили-Роуз Депп эл алдында дайыма олуттуу адамдын образын жаратса, чыныгы жашоодо шайыр кыз экенин көрсөткөн.