Ырчы Данияр Эрматов "Неге?" ырынын клиби жаштарга арналганын, анда калп эле кыз-жигит болуп жүргөн адамдардын образы көрсөтүлгөнүн айтат.
"Клипте коомдо болуп жаткан бири-бирин алдап, кош көңүл мамиле кылган адамдарды көрсөткөнбүз. Андай жасалма мамиле, сүйүүдөн көңүл калуу же алданып калууну ар бир эле жаш адам башынан өткөрсө керек.
Клипте алгач эле мени уруп жатышкан кадр алынган. Башка клиптерден да ушул жери менен өзгөчөлөнөт. Клипке профессионал актёрлор тартылышкан, андыктан кээде мени чаап жиберген учурлар болгон. Көрсө, мен күлүп жиберип, анан менин образга киришим үчүн ушундай кадамга барышкан экен", - деп билдирди Д.Эрматов.
Данияр Эрматовдун "Неге?" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.