20-24-декабрь аралыгында 19 жашка чейинки курактагы футболчу кыздардан түзүлгөн улуттук курамалар арасындагы Азия чемпиондугунун тандап алуу туру өтөт. Мьянмада өтө турган мелдешке өлкөбүздүн футболчу кыздары жөнөп кетишти.
КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, чүчү кулактын жыйынтыгында биздин футболчуларыбыз "С" тайпасынан орун алышкан. Бул тайпада Мьянма, Таиланд жана Палестина курамалары бар. Назарыңыздарга оюндардын тизмесин сунуштайбыз:
20-декабрь. Саат 14:30 (Бишкек сааты боюнча) Таиланд–Кыргыз Республикасы
22-декабрь. 17:30 Кыргыз Республикасы–Мьянма
24-декабрь. 14:30 Палестина–Кыргыз Республикасы
Машыктыруучу Гульбара Уматалиева жетектеген машыгуу сборуна 23 футболчу кыз чакырылган:
Дарбазачылар: Юлия Ломакова, Ангелина Гайер, Лоида Сагынбекова.
Коргоочулар: Алтынай Байзулдаева, Адинай Кылычбек кызы, Елизавета Подскребко, Ширин Анибарова, Кенже Асанакунова, Айзат Арабидин кызы, Баяна Келишова.
Жарым коргоочулар: Өмүркан Токтогулова, Керемет Исмаилова, Кенжебүбү Ырысбек кызы, Бибинур Романова, Бактыгүл Токтоболотова, Насибахон Анарбаева, Виктория Далингер, Гаухар Мурзалиева, Алтынай Курманалиева.
Чабуулчулар: Сетора Султанова, Малика Кадырова, Айжан Боронбекова, Шахноза Ибраимова.