Кыргыз спортчулары Ригада өткөн "Baltic Grand Prix-2016" WDSF International Open бий мелдешинде 2-орунга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Спорттук бий федерациясынан кабарлашты.
Аталган иш-чара 16-18-декабрда Латвиянын Рига шаарында өткөн.
"Бул турнир жыл сайын дүйнө жүзүнөн мыкты делген бийчилерди чогултат. Анын алкагында латын-америкалык программа боюнча жаштар арасында чемпиондук өттү. Кыргыз өлкөсүнөн эки жуп катышкан: Кайрат Алгадаев жана Елизавета Макарова, Рустам Резванов жана Анастасия Зуева. Бийчилер алгачкы жолу Дүйнө чемпиондугуна катышышты. Рустам Резванов жана Анастасия Зуева 46-орунду алышса, Кайрат Алгадаев жана Елизавета Макарова 71 жуптан 59-орунга ээ болушту", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми "WDSF International Open" категориясында Артём Семеренко жана Валерия Качалко күмүш медаль тагынышканы маалым болду. Бул категорияда 20дан ашуун өлкөдөн 59 жуп катышкан.