ЖЫЛНААМА, 20-ДЕКАБРЬ: 67 жыл мурун залкар ырчы, комузчу жана күүчү Атай Огомбаев көз жумган

1949-жылы 20-декабрда залкар ырчы, комузчу жана күүчү Атай Огомбаев көз жумган.

Атай Огомбаев 1900-жылы Талас районундагы Көк-Кашат айылында туулган. 7 жашында комуз черте баштап,13-14 жашында элдик ырлар менен күүлөрдү аткаруучу катары эл ичинде таанылып калган. 1920-жылдары алгачкы обон-күүлөрүн чыгарып, атагы чыккан өнөрпоз катары Талас өрөөнүнө таанылган. 1926-жылы улуу ырчы Токтогул менен жолугушуп, ырчылык жана комузчулук таалимин алган. 1935-жылы Кыргыз мамлекеттик театрына кирип, кийин филармония уюштурулуп, ага солист болуп, комузчулар ансамблин уюштурган. Артисттер болуп эл кыдырып, концерт-оюн көрсөтүшкөн. Анын "Күйдүм чок", "Эсимде", "Гүл", "Ой, булбул", "Жаштар" жана башка ырлары угуучуларга кеңири маалым.

Атай Огомбаевге "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген наам берилип, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.

20-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан