Казарман-Нарын унаа жолунда кар көчкү түштү

Казарман-Нарын унаа жолунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 19-декабрь күнү саат 15:30 чамасында Казарман-Нарын унаа жолунун 44-45-чакырымындагы Ийри-Суу тилкесинде болжол менен 1500 метр куб кар көчкү түшкөн. Жолду тазалоо иштерине №18-Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 2 бульдозер тартылып, саат 18:00дө жол толугу менен тазаланып бүткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан