Түштүк кореялык атактуу кинорежиссёр Ким Ки Дук 1960-жылы 20-декабрда Түштүк Кореядагы Собённи кыштагында төрөлгөн. Алгач сүрөтчү катары таанылып, кийин тасмаларга сценарий жазууга өткөн. Аны улай режиссёрлук менен алектенип, эл аралык сыйлыктарга арзыган тасмалары жарык көрө баштаган. Анын "Пьета" тасмасы Венециядагы кинофестивалда "Алтын арстан" сыйлыгына ээ болгон.
Жыйырма жашында аскердик кызматка кетип, беш жыл кызмат өтөгөн. Андан соң эки жыл азиздердин чиркөөсүндө иштеген. Ал жактан сүрөт тартууга кызыгып, 1992-1993-жылдары Париждеги Көркөм искусство институтунда окуп, сүрөтчүлүк кесипке ээ болгон. 1993-жылы Ким Ки Дук "Өлүм жазасына тартылган сүрөтчү жана кылмышкер" тасмасынын сценарийи үчүн Сценаристтер институтунун сыйлыгын алган. Мындан тышкары эки сыйлыкка ээ болуп, 1996-жылы "Крокодил" тасмасы менен режиссёрдук дебютун ачкан.
Ал режиссёрлук кылган "Ээнсиреген үй", "Жаз, жай, күз, кыш... жана кайрадан жаз", "Жапайы жаныбарлар", "Чыныгы ойдон чыгаруу", "Самаритянка" жана башка бир нече тасмалар көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болгон.
20-декабрга карата жылнаама.