2015-жылы 20-декабрда Японияда клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунун финалдык оюну өтүп, "Барселона" футболдук клубу жеңүүчү аталган.
Финалда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү "Барселона" менен Либертадорес Кубогунун жеңүүчүсү "Ривер Плейт" клубу ойноп, беттеш толук бойдон испаниялыктардын үстөмдүгү астында өткөн. Алгач команда лидери Лионель Месси эсепти ачса, артынан Луис Суарес катары менен 2 гол киргизген. Жыйынтыгында Суарес эсебиндеги 5 голу менен (жарым финалда 3 гол жараткан) мелдештин башкы чабуулчусу аталган.
"Барселона" бул жеңиши менен мелдеш тарыхында 3-ирет чемпион аталган. Бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Буга чейин "Барселона" 2009-жылы жана 2011-жылы дүйнөдөгү мыкты футболдук клуб болгон.
20-декабрга карата жылнаама.