SUPER.KG порталына "Британдык аял 923 черепицаны сындырып, рекорд койду" (ник: Go_Pro) деген видео жүктөлдү.
Видеодо спортчу аялдын колу менен черепицаларды талкалап, рекорд койгону көрсөтүлөт. Маалыматтарга караганда, ал улуу британиялык таэквондо чебери Лиза Деннис. Ал 1 мүнөттө 923 черепицаны талкалаган. Алгач эки колдоп иштеген Лиза соӊунда оӊ колу менен талкалап кирет, бирок өзү болжолдогондой 1000 даананы талкалоого жетишпей калган. Ага карабай анын жетишкендиги "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган. Кызыгы, ушундай эле жетишкендик эркектер арасында анын күйөөсүнө таандык.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.