ЖЫЛНААМА, 21-ДЕКАБРЬ: 35 жыл мурун атактуу актриса, сахна ханышасы Таттыбүбү Турсунбаева көз жумган

1981-жылы 21-декабрда театр жана кино артисти Таттыбүбү Турсунбаева 37 жашында көз жумган. "Табигый, кайталангыс сулуулуктун ээси болгон актрисаны кесиптештери ишенчээктигинен пайдаланып, ичи тарлык кылып өлтүрүп жок кылышкан" деген кептер айтылып келет.

Белгилүү актриса 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек кыштагында төрөлгөн. Таттыбүбү Турсунбаеванын атын койгон чоң атасы Турсунбай белгилүү комузчу, атасы Мырзаалы Токтогул Сатылгановдун шакирти болгон. Ал эми ажайып сулуулук Таттыбүбүгө апасы Калыйбүбүдөн мураска калган дешет.

Актриса 1960-жылы 16 жашында биринчи жолу "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмага тартылган. 17 жашында Ташкенттеги Александр Островский атындагы институттун драма жана кино актёру факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын труппасына кирген.
Театрда дүйнөлүк жана советтик классикадан Уильям Шекспир, Лопе де Вега, Федерико Лорка, Чыңгыз Айтматов, Мустай Карим жана Евгений Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асел ("Делбирим"), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да мыкты ролдорду жараткан.
Таттыбүбү Турсунбаеванын сулуулугу бүтүндөй кыргыз элин суктандырып, аны Кыргыз өлкөсүндө "сахнанын ханышасы" деп аташкан. Ал "Ак Мөөр" тасмасында башкы каармандын, ал эми "Кызыл алма" фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан.
Үй-бүлөсү
Таттыбүбү Турсунбаева актёр Имаш Эшимбеков менен баш кошуп, 1 уул жана 1 кыздуу болушкан. Кызы Асел Эшимбекова "Махабат дастаны" тасмасында башкы ролду жаратса, уулу Канат Эшимбеков дагы ошол тасмадагы жана "Отко таазим" фильминдеги эпизоддордо роль аткарган.

Уулу апасы жөнүндө: "Апам ушунчалык мээнеткеч жан эле. Мээнеткечтигин ушундан көрүңүз, ал бизди карап багып, аны менен кошо чыгармачылыгын бирдей алып кетчү. Бизге жан дүйнөсүн төшөп, жакшы карачу. Балдарым дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган, энелик таза сезимин арнаган, терең мээримин төккөн энебиздин чексиз сүйүүсүнүн толкунуна эжем экөөбүз чөмүлүп, бактылуу балалыгыбызды өткөрдүк. Бизге созолонтуп ырдап бергенди жакшы көрчү. Үнү абдан кооз жана уккулуктуу болгондуктан, мукам үнүн балалык баёо дүйнөм менен кайра-кайра уккум келе берчү", - деп эскергени бар.

Акын Жолон Мамытов Таттыбүбү Турсунбаевага төмөндөгү саптарды арнап, ыр чыгарган.

Таттыбүбүгө

Суктандырып бул сулуулук, ойчулдук,

Баарын шилеп, көкүрөккө толтурдук.

Бизге энчиге берилгендей ушул көрк,

Канча оюнда жагалданып отурдук.

Ай чырайлуу, жумур дене Жоконда,

Кыргызымда бир жаралган экен да.

Бир эркелеп бул турмуштун шаңына,

Эл-күзгүгө бир каранган экен да!

Отуң алоо жүрөктөрдө жагылган,

Элиң эсен оюнуңа агылган.

Сезимдерде кайталанып турарсың,

Улуу тоодон бир жарк эткен чагылган.

Таттыбүбү Турсунбаева тартылган тасмалар:
1960-жыл, "Салиманын ыры" - Салима
1965-жыл, "Эң тил алчаак" - Айзада
1967-жыл, "Саманчынын жолу" - Жаш Толгонай
1968-жыл, "Ак Мөөр" - Ак Мөөр
1971-жыл, "Отко таазим" - Уркуя
1972-жыл, "Ак куулар конгон айдың көл" - Зейнеп
1973-жыл, "Атадан калган туяк" - Жээнгүл
1974-жыл, "Сүйүүнүн жаңырыгы" - Асия
1975-жыл, "Кызыл алма" - бейтааныш сулуу
1975-жыл, "Арман"
1976-жыл, "Алтын күз"
1979-жыл, "Процесс"
Таттыбүбү Турсунбаева "Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти" наамын, "Отко таазим" тасмасында Уркуянын образын мыкты аткаргандыгы үчүн "Советтик жарандардын эрдиги үчүн" дипломун алган. Ошондой эле "Кызыл алма" фильминдеги бейтааныш кыздын образы үчүн Швейцариянын Локарно аймагында өткөн Бүткүл дүйнөлүк 28-ки­но­фестивалында Ардак грамота менен сыйланган.

21-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан