Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына Дөң-Талаа айылындагы орто мектептин директору И.Р. кайрылган. Анда ал Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Э. пара талап кылып, ал үчүн алтын зер буюм алганын айткан.
"Бул факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "пара алуу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.