Таласта "13 жаштагы кызды зордуктады" деп айыпталган жарандын иши боюнча соттук отурум жылдырылды

Талас облусунун Бакай-Ата районунда "13 жаштагы кызды зордуктады" деп айыпталган иш боюнча соттук отурум 17-жолу жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына жабырлануучунун эжеси Рахима Айкымбаева билдирди.

"13 жаштагы сиңдимди зордуктаган деп айыпталган адам атамдын агасынын баласы. Бул иш боюнча соттордон акыйкаттык таппай келебиз. Буга чейин бир канча жолу соттук отурум ар кандай шылтоолор менен жылдырылып келген. Күбөлөр жетишсиз деп да бир нече жолу отурумдар өтпөй калды. Ал эми зордуктады деп кармалган Эрлан Дөлөновдун туугандары "тосмо арыз жазып бер" деп 14 миң АКШ долларын сунушташкан", - деп билдирди Айкымбаева.

Рахима Айкымбаеванын маалыматына ылайык, "13 жаштагы кызды зордуктады" деп айыпталган иш боюнча соттук отурум акыркы жолу 19-декабрда "Талас облусунун соту ооруп калды" деген жүйө менен өтпөй калган. Кийинки соттук отурум 2017-жылдын январь айына белгиленген. Учурда зордуктоого байланышкан ишти Талас облустук соту кароодо.

Эске салсак, "окуучу кызды зордуктады" деп айыпталып кармалган 33 жаштагы тууганы Эрлан Дөлөнов үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
souza.j
2016-12-21 15:28:22
Ана мыйзам. Доллар суйлогон жерде сотун суйлобойт. Оозу тигилип калат
+2
nur_zhoni
2016-12-21 15:35:01
Ошол 33 жаштагы жаран канча акча токту э ушул бузукулук ишинин айынан андан коро чоон чон ошондой иштеген кыздарга барбайсынбы деймда
+3
Revolyutsiya
2016-12-21 15:38:43
Соттун кыздары зордукталганда гана сот кандай иш карап жатканын жон териси менен тушунот, болбосо акчадан башканы коздору корбой калган соттор...
+2
bond0202
2016-12-21 16:57:47
Revolyutsiya,соттордун кыздары зордукталса акча алып жаап койот,аларга акча биринчи орунда турат
+3
koshnazar
2016-12-21 15:46:07
ХХХ керек кармап туруп сот эле ошол
+1
admin_portal
2016-12-21 15:51:55
koshnazar, этика нормаларын сактаңыз!
-1
Ramzan24
2016-12-21 15:53:06
Эмне учун аларды жоопко тартышпайт. Омур бою андай ХХХ жаза корулуш керек
+3
admin_portal
2016-12-21 15:57:29
Ramzan24, этика нормаларын сактаңыз!
-1
ulchana
2016-12-21 16:46:56
Кудайым озу сактасын ушундай ХХХ.Бул ХХХ салыш кк.Сотторго жеткизбей эле,соттор суйроп озунду уят кылат.
0
Gulim_zamujem
2016-12-21 17:15:52
Эмнеге уй камагына??? Анда болду соттолбойт!!!
+1
Djal1987
2016-12-21 23:18:11
Ушунча болду аягына чыккыла. Кучтуу адвокат жалдагыла. Жазасын алсын эгер чындап кыз зордуктаса.
-1
JANAR
2016-12-22 23:32:57
Силер эчтекени билбей туруп суйлойсунор... ошол нерсе чындыкпы? Билгиле биринчи.... мен ошол айылдан болом... айылдагы элдин баарв жалган экенин билет... 14 000$ сунуштаганша алардын андай акчалары жок... эксперизаны коргуло... зордукталды деген жери жок.. болгону кыз эмес деген тыянак чыгарган... айылдын ар бир тургунунан сурагыла... эки тарапты тен уксанар боло туугандар
-1
tipgul
2016-12-27 20:06:14
Туугандар ушул окуянын айынан 2адам олгон,3бала жетим калып 3бала атасынын келерине умуттонуп жол карашууда.Башка далил жок алакандай арыз менен гана бир айылды азапка салышууда,бул уй було менен терен таанышып анан комент жазбайлыбы кандай дейсинер?
0
tipgul
2016-12-27 20:07:00
Олгон адамдардын деле каны койобербесе керек деген ойдомун
0
admin_portal
2016-12-28 09:42:05
JANAR, курамы окшош сайттарды жарнамалоочу билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан