1891-жылы 21-декабрда АКШнын Массачусетс штатынын Спрингфилд шаарындагы окуу борборлорунун биринде тарыхтагы алгачкы баскетбол оюну өткөрүлгөн. Оюн дене тарбия сабагынын мугалими Жеймс Нейсмит тарабынан ойлоп табылган.
Ал жазган оюндун эрежелери 13 пункттан турган. Алардын көпчүлүгү ушул күнгө чейин сакталып келет. 21-декабрды баскетболдун расмий эмес күнү деп дагы атап коюшат.
Беттеш алдында Нейсмит оюн үчүн кароолчудан эки куту алып келүүнү суранган. Ал куту таппай коюп, шабдалынын себеттерин алып келген. Эки себетти залдын 3 метр бийиктиктеги балконунун 2 учуна илишкен. Алгачкы баскетбол оюнуна эки командадан тогуздан киши катышкан.
1893-жылы оюнга колдонулчу себеттерди тору бар темирге алмаштырышкан. Ал эми бир жылдан кийин баскетболдун биринчи расмий эрежелери чыккан.
1923-жылы Францияда Англия, Италия жана АКШнын командалары катышкан алгачкы эл аралык аялдар мелдеши өткөн. 1932-жылы Швейцариянын Женева шаарында Эл аралык баскетбол ассоциацияларынын федерациясы түзүлгөн.
21-декабрга карата жылнаама.