Сүйүү тууралуу кайгылуу ырлардын бири "Үйлөнүү той" чыгармасын ырчы Роза Шакирова ийинине жеткире аткарган. Ал эми ага тартылган клип тууралуу колдонуучулар "Оригиналдуу клип. Клип ушундай тартылса, жан дүйнөңдү жаралап өтөт", "Сонун ыр, клип да жакшы. Айрыкча роза гүлдөн суу тамчылаган жери адамдын көз жашына окшоп сонун экен" деген билдирүүлөрдү калтырышкан.
Ал эми Роза Шакирова жолдошунун сунушу менен жогоруда аталган ырга клип тарттырганын айтат.
"2008-жылы баламды төрөп, үйдө отуруп калдым. Анан жолдошум "чыгармачылыкка кайт, ыр жаздырып, клип тарттыр" деп калды. Ошол учурда Сүйүн Откеев жаңы эле окуусун бүтүп, Германиядан келген учур болчу. Ошентип жолдошумдун сунушу менен клип тарттырууга киришип, Сүйүн менен таанышкам.
Клип кыска мөөнөттө тартылып бүткөн. Балам кичинекей болгондуктан, тартылууга кел деген учурда гана барып, башка процесске кийлигишкен эмесмин. Үйлөнүү тойдо бул ырды аткаруудан тартына берем, бирок негедир ушул чыгарманы көп сурашат", - дейт ырчы.
Роза Шакированын "Үйлөнүү той" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.