Оор атлет Бакдөөлөт Расулбеков Катарда өткөн мелдеште коло медаль тагынды

Оор атлет Бакдөөлөт Расулбеков Катарда өткөн Гран-при мелдешинде коло медаль тагынды. Доха шаарында 14-16-декабрь аралыгында өткөн мелдеште спортчу 94 килограмм салмакта күчүн сынаган.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, ал жулкуп көтөрүүдө 145 килограмм оордукту, түртүп көтөрүүдө 183 килограммды багындырган. Жыйынтыгында 328 килограмм көтөрүү менен коло медаль тагынды.

Бул салмакта алтын медалды Ирандын өкүлү, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында алтын медаль тагынган Сохраб Моради тагынды. Колону египеттик Мохамед Ихаб өз энчисине жазды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан