2017-жылы 27-апрелде украиналык мушкер Владимир Кличко британиялык Энтони Жошуа менен беттешет. Лондондогу "Уэмбли" стадионунда өтө турган беттешке кирүү укугун берген билеттер 20-декабрда сатыкка чыгып, 1 суткада 50 миң билет сатылды.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, стадионго 90 миң көрүүчү батат. Андыктан дагы 40 миң билет сатыкка чыкмакчы. Билеттер 50 доллардан 200 долларга чейинки баада сатылууда. Калган билеттер сатыкка 16-январда чыгат.
Беттеште Эл аралык бокс кеңешинин (IBF) версиясы боюнча чемпион Жошуа чемпиондук наамын коргоого аракет кылат. Буга катар Эл аралык бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча чемпиондук наам ортого коюлган.
"Лондон-2012" Олимпиадасында алтын медаль тагынган 27 жаштагы мушкер Энтони Жошуа профессионалдык рингде 18 беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын нокаутка учураткан. Ал эми "Атланта-1996" Олимпиадасында алтын медаль тагынган 40 жаштагы Владимир Кличко профессионалдык рингде 64 жолу жеңишке жетишип, 4 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Ал WBO, IBF, IBO жана WBA версиялары боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону.