Мындан 10 жыл мурун, 2006-жылы 22-декабрда спорттук гимнастика боюнча СССРдин жана Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Елена Мухина 46 жашында жүрөк оорусунан көз жумган.
Ал 1960-жылы 1-июнда Москвада туулган. 5 жашында ата-энесинен ажырап, жетим калган. Окуучу кезинде гимнастикага кызыгып, спорттун бул түрүн өздөштүрүп, машыга баштаган. Анын алгачкы машыктыруучусу Александр Эглит болгон. 1974-жылдан баштап Елена Мухина Михаил Клименко аттуу спорт чеберинин командасына өтүп, спорттук карьерасынын аягына чейин аны менен иштешкен. 1978-жылы Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону аталып, аз убакыттын ичинде көптөгөн ийгиликтерди багынткан.
Елена Мухина олимпиадалык сыйлыктын эң жогорку белгиси - Эл аралык Олимпиада комитетинин күмүш ордени менен сыйланган. Ал эми 1980-жылы СССРдин Ардак белгиси орденине арзыган.
1980-жылы Елена Мухина Минскте Жайкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү учурунда омурткасынан оор жаракат алып, өмүрүнүн аягына чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасына отуруп калган.
22-декабрга карата жылнаама.