Режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Берлинде өтөт

20-декабрда Берлин Эл аралык кино федерациясынын уюштуруу комитети 2017-жылдын февраль айында өтө турган фестивалдын "Панорама" программасына кирген тасмалардын тизмесин атаган. Тизмеге белгилүү режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кентавр" толук метраждуу тасмасы да кирген. Бул тууралуу SUPER.KG`ге кино изилдөөчү Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

"Берлин шаарында боло турган фестиваль Монреаль, Канн фестивалдары сыяктуу эле абдан престиждүү болуп эсептелинет. Актан Арым Кубаттын тасмасы "Панорама" программасына киргени, албетте, кубандырат. Аталган тасманын дүйнөлүк премьерасы 2017-жылдын февраль айында өтөт. Ал эми кыргыз көрүүчүлөрүнө жай мезгилинде тартууланса керек деп ойлойм", - деди
Г.Төлөмүшова.

Тасмада жылкы менен адамдын байланышы жөнүндө баяндалат. Анда Кентавр аттуу башкы каармандын ролун Актан Арым Кубат аткарат. Ошондой эле тасмада Болот Тентимишов, Зарема Асаналиева, Илим Калмуратов, Таалайкан Абазова, Нурали Турсункожоев, Максат Мамырканов жана башка
актёр-актрисалар да роль жаратышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан