Сузактагы жаштардын мушташы боюнча дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Сузак РИИБинин жетекчиси Нурбек Сыдыков билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 19-декабрдан 20-декабрга караган түнү болгон. Анда түнкү клубдан чыккан 5 бала Мундуз айылындагы дүкөндүн жанында спирт ичимдигин ичип отурган. Алардын жанына Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа келип токтоп, ичинен Ак-Баш айылында жашаган 3 бала түшкөн. Кийин алардын ортосунда келишпестиктен улам чыр чыгып, мушташка айланып кеткен. Анда жергиликтүүлөр көптүккө салып, Ак-Баш айылынан келгендердин унаасын тартып алып коюшкан. Мушташ аны менен токтоп калбай, ошол эле түнү Ак-Баш айылында уланган. Ызасына чыдабаган унаа ээси Мундуздан келгендердин бирин бычак менен сайып салган.
"Бычактан алган жараатынан улам Мундуз айылынын тургуну, 20 жаштагы Шералы Аскаров ошол жерден жан берген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Ак-Баш айылынын тургуну, 22 жаштагы Азатбек Элдияров кармалган. Ошондой эле Азатбек Элдияровдун арызынын негизинде "унааны укукка жат түрдө ээлеп алуу" беренеси боюнча да кылмыш иши козголуп, Мундуз айылынын 4 тургуну да камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - дейт Сыдыков.
Ошондой эле РИИБ жетекчиси Нурбек Сыдыков окуянын келип чыгышына түн ортосунда арак саткан дүкөн себеп болгонун айтат. "Адам өлтүрүү, бейбаштык жана башка фактыларды анализдеп келгенде, алардын келип чыгуусуна көп учурда түнкү убактарда спирт ичимдиктеринин сатылуусу себеп болууда. Айыл тургундары 5-10 сом табабыз деп түнкү саат бир, экиде да арак сатып жатышат. Эгер ал жерде арак сатылбаса, топтошкон балдар да болбойт эле".