Мындан 7 жыл мурун, 2009-жылы 22-декабрда оппозициялык журналист Геннадий Павлюк Алматыдагы ооруканада эсине келе албай каза тапкан. Дарыгерлер журналисттин алган жаракаты оор болгонун, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбогонун билдиришкен.
16-декабрда “Белый пароход” интернет-басылмасынын журналисти Геннадий Павлюктун Казакстандагы ооруканалардын бирине өтө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат тараган. Журналист бир апта ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жаткан.
боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзгөн. Кыргыз мамлекетинин укук коргоочулары жана саясатчылары журналисттин өлүмүн анын кесиптик ишмердиги менен байланыштырышкан. Журналисттин сөөгү 24-декабрда Чолпон-Ата шаарында жерге берилген.
2011-жылы 11-октярда Алматы калаасынын кылмыш иштери боюнча адистештирилген соту Г.Павлюктун өлүмү боюнча өкүм чыгарган. Кылмышты уюштурган деп табылган Кыргыз мамлекетинин Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Алдаяр Исманкулов 17 жылга, кылмыш жасоого катышкандыгы үчүн казак жарандары Алмаз Игиликов 10 жана Шалкар Уразалин 11 жылга эркинен ажыратылган.22-декабрга карата жылнаама.