Нью-Йорк шаарынын тургундарын кыргыз маданияты, музыкасы жана мурасы менен жакындан тааныштыруу боюнча атайын программа ишке кирди. Бул тууралуу АКШда жашаган пианист Азамат Сыдыков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдады.
Маалыматка ылайык, программага бардык каалоочулар катыша алышат. Иш-чаранын башкы максаты - кыргыз маданиятын, салтын сактоо жана кыргыз искусствосун Америкада жайылтуу. Программада кыргыз элинин тарыхы, кыргыз тили боюнча, комуз үйрөтүү сыяктуу иш-чаралар камтылган.