Жаш ырчылардын бири Бурул Арунова "Бактым менин" клибин тартуу учурунда көп кыйынчылыктар болгонун, бирок ага карабай баарын ийгиликтүү тартып бүткөнүн айтат.
"Клипти тартууда көп эле кыйынчылыктар болду. Алсак, биз белгилеген жайда тартууга уруксат бербей, башка жерге барууга туура келген. Клипти тартарга 2 күн калганда колумду кокустатып алдым. Ал эми борбор калаадагы этнокомплекстердин биринде тарта турган учурда катуу жаан жаап, ага карабай өз ишибизди улантканбыз. Түрдүү кыйынчылык, тоскоолдуктар болсо да, жумушубуз ийгиликтүү бүткөн. Башкы каармандар өз ишин мыкты билип, жакшы ойноп беришкен", - дейт
Б.Арунова.
Бурул Арунованын "Бактым менин" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.