ЖЫЛНААМА, 22-ДЕКАБРЬ: Белгилүү англиялык актёр Рэйф Файнс 54 жашка толду

Белгилүү англиялык актёр Рэйф Файнс 54 жашка толду. Ал 1962-жылы 22-декабрда Англиянын Ипсуич шаарында туулган. Атасы Марк Файнс - белгилүү фотограф, апасы Женнифер Лаш - жазуучу жана сүрөтчү. Актёрдун үй-бүлөсү Британиянын падышалык үй-бүлөсүнүн 8-муундагы туугандарынан болгон.

Рэйф Файнс мектепти бүткөн соң Лондондогу искусство жана дизайн колледжинде билим алып, кийин Драмалык искусствонун падышалык академиясында окуп, актёрдук кесипти өздөштүргөн. 1987-жылы Падышалык улуттук театрга кирип, "Король Лир", "Генри VI", "Сүйүүгө болгон натыйжасыз аракеттер" пьесаларында роль жараткан.

1990-жылы "Башкы шектүү" тасмасында алгачкы ролун жараткан. 1992-жылы "Чагылгандуу ашуу" фильминде башкы ролду ойногон. Актёр "Кооптуу адам: Лоуренс Аравиядан кийин" тасмасына тартылгандан кийин калың элге таанылып, "Эмми" сыйлыгын алган. Ошол эле жылы Стивен Спилбергдин "Шиндлердин тизмеси" фильмине тартылып, дүйнөлүк атак-даңкка жеткен. Андагы ролу үчүн "Оскар", "Алтын глобус", BAFTA жана MTV Movies Awards сыйлыктарына татыган.

Р.Файнс мындан тышкары 1996-жылы "Англис бейтабы" тасмасы үчүн экинчи жолу "Оскар" сыйлыгын алган. Ошондой эле ал "Өч алгандар", "Онегин", "Сыйкырчы", "Кызыл ажыдаар", "Мээримдүү багбан", "Гарри Поттер жана от кубогу", "Гарри Поттер жана Феникстин ордени", "Герцогиня", "Титандардын салгылашуусу", "Гарри Поттер жана өлүм белектери" фильмдеринде роль жараткан.

22-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан