Бүгүн, 22-декабрда Бишкектеги "Сейтек" балдар борборунда окуучулар үчүн майрамдык концерт уюштурулду. Ага борбор калаадагы бир нече мектептин окуучулары, мугалимдери катышты.
Майрамдык иш-чарада Жаңы жыл майрамына карата Аяз ата, Аяз кыз, жез кемпир жана башка жомоктун каармандары менен окуучуларга сахналаштырылган чыгармалар тартууланды. Ар бир чыгарма кичинекей, таланттуу бийчилердин түрдүү бийлери менен коштолуп жатты. Ал эми окуучулар суратпай кол чаап, кээ бир учурларда сахнадагы бийчилер менен кошо бийлеп турушту.