Франциялык актриса, ырчы, модель Ванесса Паради 44 жашка толду. Ал 1972-жылы 22-декабрда Франциянын Сен-Мор шаарчасында төрөлгөн. Ата-энеси чыгармачылык менен алектенген адамдар болгондуктан, 7 жашында франциялык телеканалдардын бириндеги телесынакка катышып, "Emilie Jolie" ырын аткарган.
1986-жылы актриса 14 жашында "Такси" ырын ырдап чыгып, Европа өлкөлөрүндө атактуулукка жеткен. Бир жылдан соң анын "M & J" аталышындагы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. 1989-жылы "Ак үйлөнүү той" тасмасында кинодогу алгачкы ролун аткарган. Бул тасмадан кийин Нью-Йоркко барып, 5 жыл киного тартылбай, ырчылык жана моделдик менен алектенген.
1995-жылы "Элиза", 1997-жылы "Сыйкырланган сүйүү", 1999-жылы "Көпүрөдө турган кыз", 2011-жылы "Кафе де Флор" тасмаларына тартылган. 1992-жылы атактуу актёр Жонни Депп менен таанышып, экөө үй-бүлө куруп, 1 уул жана кыздуу болушкан. Жылдыздар 2012-жылы ажырашып кетишкен.
22-декабрга карата жылнаама.