Бүгүн, 23-декабрда "Голос" долбоорунун жарым финалы өтөт. Анда ырчылар Кайрат Примбердиев, Дарья Антонюк, Сардор Милано, Дария Ставрович, Ксения Коробкова, Михаил Житов, Олег Кондраков жана Александр Панайотов финалга чыгуу үчүн күч сынашат.
Сынакта финалга өтүү үчүн күйөрмандардын добушу маанилүү. Ырчы Орусиядагы мекендештерден добуш берүү аркылуу колдоп коюуну өтүндү.
"23-декабрда "Биринчи каналда" саат 21:30да "Голос" долбоору көрсөтүлөт. Сиздерден добуш берүү менен мени колдоп коюуңуздарды суранам. Кайсы номер экени эфирде айтылат. Орусиялык номер аркылуу гана добуш берүү мүмкүн. Бардык түшкөн каражаттар кайрымдуулукка жумшалат", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, бир билдирүүнүн баасы болгону 50 рубль. Долбоордун шартына ылайык, бүгүн финалга 4 ырчы өтүшү керек.
10-декабрда мекендешибиз "Голос" теледолбоорунун жарым финалына жолдомо алганы белгилүү болгон.