ЖЫЛНААМА, 23-ДЕКАБРЬ: Модель, ырчы, актриса жана Франциянын экс-канайымы Карла Бруни 49 жашка толду

Италиялык жана франциялык модель, композитор, ырчы, Франциянын экс-канайымы Карла Бруни 49 жашка толду. Ал 1967-жылы 23-декабрда Италиянын Турин шаарында чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. Карла Бруни 5 жашынан тартып Францияда жашап, Швейцариядагы эң мыкты мектепте билим алган. Фотомоделдик карьерасын 19 жашында баштап, дүйнөдөгү эң көп акча төлөнгөн моделдердин катарына кирген. Белгилей кетсек, 1994-1995-жылдары ал 7,5 миллион доллар гонорар алган. 29 жашында подиумду таштап, ырчы катары жолун улаган.

2003-жылы "Кимдир бирөө мага айткан" деген алгачкы ыр жыйнагын чыгарып, ал ырчыга атактуулук жана ийгилик алып келген. 2004-жылы Карла Бруни "Жылдын мыкты ырчысы" наамын алган. Ырчы жана модель катары таанылган К.Бруни "Папарацци", "Париждеги түн ортосу" жана башка 15 фильмде тартылып, өзүн актриса катары дагы сынап көргөн.

2007-жылы Карла Бруни ошол кездеги Франциянын президенти Николя Саркози менен таанышып, 2008-жылы 2-февралда экөө расмий түрдө үйлөнүшкөн. 2011-жылы алар Жулия аттуу кыздуу болушкан.

23-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан