ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2016: Кыргыз таланттарына ийгилик жылмайган 2016-жыл

2016-ЖЫЛ - ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЯТ ЖЫЛЫ

Быйылкы Тарых жана маданият жылында мамлекет тарабынан да, кыргыздын уул-кыздары тарабынан да маданият үчүн чоң иштер жасалып, 2016-жыл өлкөбүз үчүн жемиштүү болду десек жаңылышпайбыз. Алсак, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Соң-Көл жайлоосунда Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 100 жылдыгы белгиленип, анда курман болгондордун элесине арналган мемориалдык эстелик ачылды. Ошондой эле бул жыл бир топ маданият кызматкерлерине сыйлыктар берилгени, көптөгөн таланттар чет өлкөдө Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиретип, байгелүү орундарды ээлегени менен көпчүлүктүн эсинде калат.

2016-жылы кыргыз маданиятында болгон жагымдуу кабарлар, жеңиштер, кино тармагында жаралган ийгиликтерди эске салып өтөбүз.

АРДАКТУУ НААМ АЛГАН МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ

11-октябрда мамлекеттик резиденцияда Кыргыз мамлекетинин тарыхый жана маданий мурастарын, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн бир катар белгилүү инсандар сыйланышкан. "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген ардактуу наам төкмө акын Элмирбек Иманалиев, "КРнын Эмгек сиңирген артисти" наамы ырчылар Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Гүлнара Тойгонбаева, Бактияр Токторов, төкмө акындар Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучевге ыйгарылган. Бирок коомчулукта "жаш ырчыларга "Эмгек сиңирген" наамы эрте берилди", "наамдын баркы кетти" деп бир топ сындар айтылды.

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ КЫРГЫЗДЫН ТУУСУН ЖЕЛБИРЕТКЕНДЕР

Бул жылы кыргыз таланттарына ийгилик жылмайды. Алсак, Атай Өмүрзаков жана ал жетектеген "Тумар КР" бий тобу январда Франциянын Париж шаарында "DE CIRQUE DE DIMAIN" деген аталыштагы дүйнөлүк цирк фестивалында 3-орунду ээледи. Андан көп өтпөй "Britain's Got Talent-2016" сынагына катышып, британ элин таң калтырып, финалга өтө албаса да, чет элдик көрүүчүлөрдүн алкышына арзыган. Ал эми 21-сентябрда Атай Өмүрзаковдун окуучуларынан түзүлгөн "Адем" тобу Словакиянын Братислава шаарында болуп өткөн сынакта жеңүүчү аталып, "Golden buzzer" сыйлыгын алган. Сентябрда Орусиянын Сочи шаарында өткөн "Жаңы толкун-2016" музыкалык сынагында мекендешибиз Нурсултан Азыкбаев 4-орунду камсыздаган.

Май айында алгачкы жолу Кыргыз өлкөсүнүн атынан Жийдеш Идирисова "Евровидение-2016" Эл аралык сынагында калыстык кылса, ноябрда Словакиянын борбор калаасы Братиславада өткөн "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" Эл аралык сынагында "Тумар" бийчилер тобу 3-орунга ээ болду.

Жыл соңунда, тагыраагы, 23-декабрда "Азия Микс" командасы КВНдин Жогорку Лигасында чемпион аталып, ал эми Кайрат Примбердиев "Голос" долбоорунун финалына чыкты. Мындай кубанычтуу кош кабар кыргыз элин шаңга бөлөп, көпчүлүгү "Азия Микс" командасынын жеңишин "Жаңы жыл майрамына карата кыргыз элине болгон белеги" деп баалап жатышты.

"КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИН" ЖАНДАНТКАН КИНО ДҮЙНӨСҮ

Кино жаатында да кыргыздын жаш режиссёрлору чет элде мыкты аталып, бир топ сыйлуу байгелерди алып жатышты. Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы апрель айында "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" категориясы боюнча жеңишти багындырып, "Ника" киносыйлыгын алса, 31-майда Севастополь шаарындагы 25-Эл аралык кинофорумунда "Золотой Витязь" сыйлыгына ээ болду. Ошондой эле Бишкек шаарындагы "Ак илбирс" V Улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземинде "Сүтак" тасмасы бардык номинациялар боюнча сыйлыктарды илип кетти.

Сентябрда Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун "Атанын керээзи" тасмасы Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алса, ноябрь айында Минск шаарында өткөн "Листопад" кинофестивалында "Салттарга заманбап көз караш", эл аралык кызматташтыкты жана достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн "Чеги жок тасма" сыйлыгына жана Минск шаарынын Аткаруу комитетинин атайын байгесине ээ болгон.

Ноябрь айында Эльнура Осмоналиева режиссёрлук кылган "Сейде" кыска даректүү тасмасы Түштүк Кореяда өткөн фестивалда баш байгени алса, андан көп өтпөй Германиянын Берлин шаарында өткөн "Interfilm" Эл аралык кинофестивалында сыйлыкка ээ болду.

Бул жылы жаш "тамашоучу" жигиттер да өздөрүн кино жаатында сынап, көрүүчүлөргө эмгектерин сунушташты. Алсак, Зияш Турдубеков, Самат Эркинбеков, Рүстөм Аскенов менен Кубанычбек Курманбеков режиссёрлук кылган "Чүкө баатыр", "Доктор Айболот", "Бир мешок акча" тасмалары эл сынына коюлду. Кыргыз журтчулугуна Адилет Акматов "Сюрприз", Данияр Абдыкеримов "Сагын", Асхат Табалдиев "ДвижЭние кылыш керек", Сүйүн Откеев "Мегатой", Кубат Шамшиев "Ызы-чуу", Эльдар Турдумамбетов "Кокуй кошуна", Бакыт Осмонканов "План Б" жана башка көптөгөн көркөм, комедиялык, үй-бүлөлүк комедиялык тасмалар тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
sirgak_92
2016-12-27 13:50:45
Атанын кереэзи дейби
0
vangolu
2016-12-27 14:57:04
эстегим келбейт мирбек менен гулзаданын сыймыгын.ичти сыздатып.мин эсе татыктуулар коп го.
0
kilim
2016-12-27 15:49:23
vangolu, ичин куйсо туз жала
0
Riokyrgyz
2016-12-27 15:47:54
Кудайга шугур,келечекте озумду да ушулардын катарында коргум келет.ар жыл сайын Жаратканым бизге ушундай таланттарды тартуулап туруусун тилейм.биз силер менен сыймыктанабыз,Азаматсыздар!
-1
bekmaral
2016-12-27 17:46:46
Mc Doncha калып калыптыр го ал кыргыз эмеспи же?
0
admin_portal
2016-12-27 17:55:33
bekmaral, сунушуңузга рахмат!
0
tilek-x
2016-12-27 19:40:48
Кут болсун мынданда коп сыймыктар жеништер жуб болсун ылайым кыргыз элим!!!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан