Рэп ырчылары Баястан, Бегиш жана Омар аткарган "Карындаш" ырынын клиби "Медиа-портал" бөлүмүндө бир топ талкууга алынган. Анда колдонуучулар клиптеги кыздын сулуу экенин айтышып, клипке көрк кошконун билдиришкен. Баястан "чыгарма аркылуу жигиттер ар бир бейтааныш кызга өз карындашына жасагандай мамиле кылса деген ойду айталы дегенбиз" дейт.
"Карындаш" ырынын клибин тартуу учурунда "мен жылдызмын" деп эч нерсе кылбай, туруп алган эмеспиз. Керек болсо кара жумуш жасап, кир болгонубузга карабай иштеп, кошо тартып жүрө беребиз. Жогоруда аталган ырдын клибин тартууда көп эле кызыктар болгон, азыр эстей албай жатам. Чыгармада жигиттер ар бир бейтааныш кызга өз карындашына жасагандай мамиле кылса деген ойду айталы дегенбиз.
Клипке кандай кыз тартылышы керектигин режиссёр тандайт. Негизгиси, супсулуу эле эмес, жылдыздуу болушу зарыл. Сулуу кыздар бар, бирок жылдыздуу эмес, ошон үчүн жылдыздуулугуна көңүл бурулат", - деп билдирди Баястан.
Ал эми клипти Мирлан Саткымбаев тартканын, Бишкектеги кафе-барлардын биринде жана жаратылыш коюнунда тартылганын ырчы кошумчалады.
Баястан, Бегиш, Омар аткарган "Карындаш" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.