27-декабрда Кыргыз опера жана балет театрында композитор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Абдылас Малдыбаевди эскерүү концерти өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Белгилүү композиторду эскерүү концерти бардык муундар үчүн кызыктуу болот, кирүү акысыз", - деп айтылат маалыматта.
Композитор жана ырчы, СССРдин Эл артисти Абдылас Малдыбаев Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган. Алматы казак-кыргыз агартуу институтунда, Кыргыз педагогикалык техникумунда окуган. Москва консерваториясында Кыргыз улут студиясынан билим алган. Фрунзе музыкалык техникумунда директор, музыкалык студияда артист, Кыргыз опера жана балет театрында артист, Кыргыз композиторлор союзунун төрагасы, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын директору болуп иштеген. Ал чыгармачылык жолун обончу катары баштаган. Ал 300дөй чыгарма жараткан, анын 200дөйү ыр-обондор. Композиторлор В.А.Власов, В.Г.Фере, М.Абдраев менен бирдикте операларга музыка жазган. Операларда өзү да бир нече ролду аткарган.
Абдылас Малдыбаев Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси. СССР Жогорку Советине бир, Кыргыз ССР Жогорку Советине үч жолу депутат болуп шайланган. Ленин, Октябрь революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. Опера-балет театрына анын ысымы берилген. Абдылас Малдыбаев 1978-жылы 72 жаш курагында каза болгон.